Жаңылыктар

Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр! Белгисиз адамдар Мамлекеттик лизинг компаниясынын жетекчилигинин атынан билдирүүлөрдү таратып, акча каражаттарын которууну сураган учурлар катталды. Маалымдайбыз: Мамлекеттик лизинг компаниясынын жетекчилиги SMS, WhatsApp, социалдык тармактар же башка мессенджерлер аркылуу мындай өтүнүчтөр менен кайрылбайт. Сиздерден төмөнкүлөрдү суранабыз: * акча которбоңуздар жана коддорду, сырсөздөрдү же банк карталарынын маалыматтарын бербеңиздер; * шектүү шилтемелерге өтпөңүздөр; *...

2026-жылдын 4 -февраль айында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында ОАО «Мамлекеттик лизинг компаниясынын» кызматкерлери айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү үчүн финансылык лизинг шарттары боюнча презентация өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө лизингдин негизги шарттары, пайыздык чендер, каржылоо мөөнөттөрү, баштапкы төлөм, ошондой эле мамлекеттик программалар аркылуу атайын техника жана жабдууларды алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири түшүндүрүлдү. Бул презентация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык...

2026-жылдын 2-февраль айында Кожомкул айыл өкмөтүнө калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жана инфраструктуралык иштерди натыйжалуу жүргүзүү максатында атайын техника расмий түрдө өткөрүлүп берилди. Бул техника жолдорду оңдоо, коммуналдык кызматтарды күчөтүү, тазалык жана көрктөндүрүү иштерин өз убагында аткарууга жардам берет. Жаңы техника айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга жана жергиликтүү бийликтин ишин дагы да натыйжалуу кылууга багытталган....

Мамлекеттик лизинг компаниясы жаңы офиске көчкөнүн маалымдайбыз. Биздин жаңы дарегибиз: Чыңгыз Айтматов проспекти, 177. Жаңы кеңсеге көчүү компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана кардарлар үчүн дагы ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот. Компания бардык багыттар боюнча кадимки режимде ишин улантат жана кызматташууга ар дайым ачык. Жаңы кеңсебизде көргөнгө кубанычта болобуз!

2025-жылдын 11-январында Мамлекеттик лизинг компаниясы «Кыргызмамасылтукумзавод» ишканасына 45 000 000 сомдук айыл чарба техникасын өткөрүп берди.Бул окуя өлкөнүн агроөнөр жай потенциалын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп калды. Мамлекеттик лизинг компаниясы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойноп, фермерлерди жана айыл чарба ишканаларын заманбап технологиялар жана жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча стратегиялык милдетти аткарып келет. Бул төмөнкү...

Биз буга чейин Кунтуу айыл өкмөтүнө атайын техникаларды өткөрүп бергенбиз. Жакында барып, бул техникалар кантип колдонулуп жатканын жана айыл тургундарынын жашоосуна кандай таасир тийгизип жатканын жеринен көрүп келдик. ✅ Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, техниканын айылдагы инфраструктураны өнүктүрүүдөгү ролун жана эффективдүүлүгүн талкууладык. ✅ Жергиликтүү тургундар менен баарлашып, жаңы техника алардын күнүмдүк турмушун жеңилдетип жатканын уктук....

Айыл аймагын өнүктүрүү жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө заманбап техника тапшырылды. Техникалардын тизмеси төмөнкүдөй: 🔹 Автосамосвал 🔹 Ассенизатор 🔹 Фронталдык жүктөгүч 🔹 Грунттуу каток 🔹 Автобус 🔹 Экскаватор Hyundai 🔹 Жүк ташуучу унаа 🔹 Беларусь трактору 🔹 БДП – 2 даана 🔹 Плуг – 4 даана Бул техника айыл чарбасын, жолдорду...

Бул техникалар айыл чарба иштерин жеңилдетип, коммуналдык кызматтарды өз убагында жана сапаттуу аткарууга өбөлгө болууда. Айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасы чыңдалып, жергиликтүү элге көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жогорулап жатат. Мындай колдоо аймактардын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Мамлекеттик лизинг компаниясы – өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоого...

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 34 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында айыл өкмөттөрүнө 178 кызматтык унааны өткөрүп берүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти катышты.   Айыл өкмөттөрүнө Chevrolet Tracker жана Нива маркасындагы кызматтык унаалар берилди. Бул унаалар Мамлекеттик лизинг компаниясы ишке ашырып жаткан мамлекеттик лизинг программасынын алкагында өткөрүлүп берилди. Программанын негизги максаты — жергиликтүү...

Бүгүн мурда түзүлгөн келишимдин алкагында келишимде каралган бирдиктердин жалпы санынан атайын техниканын бир бөлүгүн өткөрүп бердик. Биздин кызматкерлер бардык керектүү документтерди бүтүрүп, техникаларды ММ “Унаага”каттатып, мамлекеттик номерлерди алып, мэриянын өкүлдөрүнө өткөрүп беришти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруу муниципалитеттердин техникалык паркын жаңыртууга жана чыңдоого, шаарларды таза, ыңгайлуу жана заманбап кылууга жардам...

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы