Квалификациялык талаптар
Билими
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим:
– экономика;
– финансы;
– банк иши;
– бухгалтердик эсеп жана аудит.
Иш тажрыйбасы
Финансы-банк тармагында, лизингдик компанияларда, микрофинансылык уюмдарда же кредиттөө, каржылоо жана инвестициялык долбоорлорду талдоо менен байланышкан башка уюмдарда кеминде 2 жылдык иш тажрыйбасы.
Атайын талаптар
– юридикалык жана жеке жактардын финансылык абалын талдоо боюнча тажрыйба;
– финансылык долбоорлор боюнча корутундуларды жана аналитикалык материалдарды даярдоо тажрыйбасы;
– лизинг алуучулардын финансылык отчеттору жана документтери менен иштөө тажрыйбасы;
– лизингдик жана кредиттик бүтүмдөрдү түзүмдөштүрүү принциптерин билүү;
– коллегиалдык башкаруу органдары үчүн материалдарды даярдоо тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;
– мамлекеттик жана финансылык уюмдарда иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Кесиптик билимдери жана көндүмдөрү (кызматтык нускамага ылайык)
– финансылык ижара (лизинг), банк жана финансылык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
– финансылык талдоонун негиздерин билүү;
– лизингдик долбоорлорду даярдоо жана кароо тартибин билүү;
– кардарлардын финансылык абалын жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо принциптерин билүү;
– тобокелдиктерди башкаруунун негиздерин билүү;
– иш кагаздарын жүргүзүү жана документ жүгүртүү эрежелерин билүү;
– Microsoft Word жана Excel программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
– аналитикалык маалымкаттарды, презентацияларды жана кызматтык документтерди даярдоо көндүмдөрү.
Тилдерди билүүсү
Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү.
Конкурсту өткөрүү мөөнөтү: 2026-жылдын 9-июнунан 11-июнуна чейин.
Резюмени төмөнкүлөргө жөнөтүү керек: info@slc.kg
Квалификациялык талаптар
Билими
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку билимге ээ болууга тийиш:
– экономика;
– финансы / исламдык финансы;
– банк иши;
– бухгалтердик эсеп жана аудит.
Ислам экономикасы жана каржы тармагында кошумча сертификаттардын болушу (мисалы, Ислам өнүктүрүү банкынын, AAOIFI жана башка уюмдардын сертификаттары) артыкчылык болуп саналат.
Иш тажрыйбасы
Каржы-банк тармагында, лизинг компанияларында, микрофинансылык уюмдарда же кредиттөө, каржылоо жана инвестициялык долбоорлорду талдоо менен байланышкан башка уюмдарда кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы болушу зарыл.
Атайын талаптар
– салттуу жана исламдык каржы продуктуларынын алкагында юридикалык жана жеке жактардын финансылык абалын талдоо боюнча тажрыйбасы болушу;
– исламдык каржылоо долбоорлору боюнча корутундуларды, техникалык-экономикалык негиздемелерди жана аналитикалык материалдарды даярдоо тажрыйбасы болушу;
– исламдык принциптер боюнча лизинг алуучулардын (кардарлардын) финансылык отчеттуулугу жана өзгөчө документтери менен иштөө тажрыйбасы болушу;
– исламдык бүтүмдөрдү түзүүнүн принциптерин (Ижара жана башка) билүүсү;
– исламдык продуктулар боюнча ички ченемдик документтерди (жоболорду, регламенттерди, колдонмолорду) иштеп чыгуу тажрыйбасы болушу;
– башкаруунун коллегиалдык органдары (Башкарма, комитеттер) жана Шариат кеңеши үчүн материалдарды даярдоо тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат;
– мамлекеттик, эл аралык жана финансылык уюмдарда иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Кесиптик билимдери жана көндүмдөрү (кызматтык нускамага ылайык)
– Кыргыз Республикасынын финансылык ижара (лизинг), банк жана каржы ишмердүүлүгү жаатындагы мыйзамдарын билүүсү;
– исламдык каржылоого мүнөздүү болгон финансылык талдоо жана тобокелдиктерди баалоо негиздерин билүүсү;
– исламдык стандарттарга ылайык лизинг долбоорлорун даярдоо, кароо жана мониторинг жүргүзүү тартибин билүүсү;
– кардарлардын финансылык абалын, төлөө жөндөмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн баалоо принциптерин билүүсү;
– иш кагаздарын жүргүзүү, документ жүгүртүү жана ички контролдоо эрежелерин билүүсү;
– Microsoft Word жана Excel программаларын ишенимдүү деңгээлде колдоно билүүсү;
– аналитикалык маалымкаттарды, презентацияларды, кызматтык документтерди жана отчетторду даярдоо көндүмдөрүнө ээ болуусу.
Тилдерди билүүсү
Кыргыз жана орус тилдерин эркин деңгээлде билүүсү.
Конкурсту өткөрүү мөөнөтү: 2026-жылдын 9-июнунан 11-июнуна чейин.
Резюмени төмөнкүлөргө жөнөтүү керек: info@slc.kg