Квалификациялык талаптар
Билими
Жогорку юридикалык билим.
Иш тажрыйбасы
Юридикалык адистик боюнча кеминде 3 (үч) жылдык иш стажы.
Кесиптик билими жана көндүмдөрү
Юридикалык башкармалыктын башкы адиси төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
– Кыргыз Республикасынын жарандык, корпоративдик, эмгек, административдик, процесстик жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон укуктун башка тармактарындагы мыйзамдарын билүүгө;
– акционердик коомдордун, лизингдик компаниялардын, финансылык уюмдардын жана баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды билүүгө;
– корпоративдик башкаруунун негиздерин жана акционердик коомдун башкаруу органдарынын жана башка коллегиалдуу органдарынын иш тартибин билүүгө;
– келишимдерди, макулдашууларды, буйруктарды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди даярдоо, укуктук экспертизадан өткөрүү, түзүү жана коштоо көндүмдөрүнө;
– Коомдун ички ченемдик документтерин иштеп чыгуу, укуктук экспертизадан өткөрүү жана өркүндөтүү көндүмдөрүнө;
– коллегиалдуу органдардын ишин уюштуруучулук жана укуктук коштоо, анын ичинде чечимдерди жана протоколдорду даярдоо жана жол-жоболоштуруу, ошондой эле тиешелүү реестрлерди жүргүзүү көндүмдөрүнө;
– Коомдун кызыкчылыктарын сот органдарында, укук коргоо органдарында, мамлекеттик органдарда жана башка мекемелерде өкүлчүлүк кылуу көндүмдөрүнө;
– укуктук корутундуларды, кызматтык каттарды, каттарды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди даярдоо көндүмдөрүнө;
– иш кагаздарын жүргүзүүдө расмий жана иштиктүү кат алышуу, кызматкерлерге жана жетекчиликке мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча консультация берүү көндүмдөрүнө;
– маалыматтын чоң көлөмү менен иштөө, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана берилген тапшырмаларды өз алдынча уюштуруп аткаруу жөндөмүнө.
Кошумча кесиптик талаптар
– берилген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча чечим кабыл алуу жана аткарылган иштин сапаты жана натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу жөндөмүнө;
– Коомдун түзүмдүк бөлүмдөрү, башкаруу органдарынын мүчөлөрү, акционерлер, мамлекеттик органдар, контрагенттер жана башка уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү жөндөмүнө.
Тилдерди билүүсү
Мамлекеттик жана расмий тилдерди оозеки жана жазуу жүзүндө эркин билүү, анын ичинде көрсөтүлгөн тилдерде расмий жана иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү, укуктук жана кызматтык мүнөздөгү документтерди түзүү көндүмдөрүнө ээ болуу. Чет тилдерди билүү артыкчылык болуп саналат.
Конкурстун мөөнөтү: 2026-жылдын 8-октябрынан 15-октябрына чейин.
Резюмеңизди биздин электрондук почтага жөнөтүңүздөр: info@slc.kg