2026-жылдын 4 -февраль айында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында ОАО «Мамлекеттик лизинг компаниясынын» кызматкерлери айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү үчүн финансылык лизинг шарттары боюнча презентация өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө лизингдин негизги шарттары, пайыздык чендер, каржылоо мөөнөттөрү, баштапкы төлөм, ошондой эле мамлекеттик программалар аркылуу атайын техника жана жабдууларды алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири түшүндүрүлдү.
Бул презентация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.



