Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр!
Белгисиз адамдар Мамлекеттик лизинг компаниясынын жетекчилигинин атынан билдирүүлөрдү таратып, акча каражаттарын которууну сураган учурлар катталды.
Маалымдайбыз: Мамлекеттик лизинг компаниясынын жетекчилиги SMS, WhatsApp, социалдык тармактар же башка мессенджерлер аркылуу мындай өтүнүчтөр менен кайрылбайт.
Сиздерден төмөнкүлөрдү суранабыз:
* акча которбоңуздар жана коддорду, сырсөздөрдү же банк карталарынын маалыматтарын бербеңиздер;
* шектүү шилтемелерге өтпөңүздөр;
* ушундай билдирүүлөрдү алсаңыздар, дароо компаниянын кабылдамасына же коопсуздук кызматына кабарлап, мүмкүн болсо кат алышуунун скриншотторун жөнөтүңүздөр.



