Кызыл-Кыя шаарына атайын техникалар өткөрүлүп берилди

26.02.2026

Мамлекеттик лизинг компаниясы аймактык инфраструктураны өнүктүрүү жана муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларды ырааттуу түрдө улантууда.

2026-жылдын 23-февралында Кызыл-Кыя шаарында муниципалдык кызматтарга  компаниянын колдоосу менен лизинг механизми аркылуу алынган атайын техникалар расмий түрдө өткөрүлүп берилди. Бул техникалар шаардык коммуналдык кызматтардын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Долбоордун алкагында төмөнкү атайын техникалар тапшырылды:
• сугат машинасы
• комбинирленген жол машинасы
• фронталдык жүктөгүч
• экскаваторлор (2 даана)
• пикап унаалары (2 даана)

Жаңы техникалар жолдорду тейлөө, санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу иштеринде кеңири колдонулат. Бул өз кезегинде шаардын көрктөндүрүлүшүнө оң таасирин тийгизип, тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Мамлекеттик лизинг компаниясы мындан ары да мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен тыгыз кызматташып, региондорду өнүктүрүүгө, техникалык паркын жаңылоого жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоону улантат.

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы