Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен Мамлекеттик лизинг компаниясы Меморандумга кол коюшту.

04.03.2026

2026-жылдын 4-мартында Мамлекеттик лизинг компаниясы Өнүктүрүү саясаты институту (ӨСИ) менен өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. ӨСИ — жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо, муниципалдык башкарууну өнүктүрүү жана аймактык өнүгүү долбоорлорун ишке ашыруу багытында көп жылдык тажрыйбага ээ болгон Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюм.

ӨСИ мыйзам чыгаруу, мамлекеттик башкарууну децентрализациялоо, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жана массалык коммуникациялар тармагында тажрыйбалуу адистерди бириктирет. Уюм улуттук деңгээлде ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып, конференцияларды, окутууларды, сынактарды, маалыматтык кампанияларды жана изилдөөлөрдү уюштуруп келет.

Меморандумга кол коюу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Бул максатта лизинг инструменттерин колдонуу аркылуу жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү каралган.

Мамлекеттик лизинг компаниясы мамлекеттик программаларды ишке ашырууда жана муниципалдык түзүмдөрдү колдоодо лизинг механизмдерин кеңири пайдалануу максатында кесипкөй уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүнү улантат

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы