ЖЧК «Борусан САТ Кыргызстан»

01.04.2026

2026-жылдын 31-мартында Мамлекеттик лизинг компаниясы ОсОО «Борусан САТ Кыргызстан» компаниясы менен келишимге кол койду — бул дүйнөлүк алдыңкы атайын техника жана жабдууларды жеткирүүчү расмий дилер болуп саналат.

Бул кызматташтык мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарды заманбап техника менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле инфраструктуралык жана өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

ОсОО «Борусан САТ Кыргызстан» Caterpillar, SEM жана FG Wilson сыяктуу дүйнөлүк бренддердин продукциясын сунуштайт жана өлкө боюнча кепилдик жана кепилдиктен кийинки тейлөө кызматтарын көрсөтөт.

Мындан тышкары, бул кызматташтык узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана Компаниянын лизинг программалары аркылуу жеткиликтүү техниканын түрлөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы