Ислам каржы ассоциациясы

07.07.2026

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК Ислам каржы ассоциациясынын мүчөсү болду

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК Юридикалык жактардын бирикмеси – Ислам каржы ассоциациясы менен мүчөлүк жөнүндө келишимге кол коюп, Ассоциациянын расмий мүчөсү болду. Келишимге «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Омуров Амантур Нурбекович жана Ислам каржы ассоциациясынын Төрагасы Керимбаев Талант Калдарович кол коюшту.

Ассоциацияга мүчө болуу Компаниянын каржы секторундагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасында заманбап каржылоо инструменттерин өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Мүчөлүк алкагында Компания исламдык каржылоо принциптерин өнүктүрүү боюнча демилгелерге катышууга, ата мекендик жана эл аралык эксперттер менен тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана маалыматтык иш-чараларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат.

Ислам каржы ассоциациясынын негизги максаты – исламдык каржы системасын өнүктүрүү, альтернативдүү каржылоо инструменттерин жайылтуу, финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана рыноктун катышуучуларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК мындан ары да өлкөнүн каржы секторун өнүктүрүүгө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган өнөктөштүктү кеңейтүүнү улантат.

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы