Жашыл лизингди биргелешип өнүктүрөбүз

28.07.2026

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК менен Кыргыз Республикасынын «Жашыл каржылоо фонду» ААК Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК менен Кыргыз Республикасынын «Жашыл каржылоо фонду» ААК Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум жашыл каржылоо жаатында узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн жана Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун негизин түзөт.

Кызматташуунун негизги багыттарынын бири – жашыл лизинг механизмдерин өнүктүрүү. Бул ишканаларга, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга заманбап энергияны үнөмдөөчү техникаларды, экологиялык жактан таза транспортту жана жабдууларды жеткиликтүү каржылык шарттар менен алууга мүмкүнчүлүк берет.

Тараптар ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана жашыл инфраструктураны өнүктүрүү багытында жаңы каржылык продуктыларды иштеп чыгып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөшөт.

Өзгөчө көңүл эл аралык каржы уюмдарынын, климаттык фонддордун, өнүктүрүү институттарынын жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ресурстарын тартуу аркылуу Кыргыз Республикасында экологиялык мааниге ээ долбоорлорду каржылоого бурулат.

Кызматташтыктын алкагында инвестициялык долбоорлорду биргелешип даярдоо жана коштоо, тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу, консультациялык, билим берүүчү жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле туруктуу каржылоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу каралган.

Меморандумга кол коюу эки уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө институционалдык негиз түзүп, ата мекендик ишканалар менен уюмдардын заманбап каржылык инструменттерге жетүүсүн кеңейтет.

Тараптардын биргелешкен иши инвестицияларды тартууга, экологиялык жактан таза технологияларды киргизүүгө, энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын принциптерин практикалык жактан ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы