«Бизнес-лизинг» продуктунун алкагында Мамлекеттик лизинг компаниясы ААК «Аэродромдорстрой» ишканасына 20 заманбап самосвалды лизингге өткөрүп берди.
Долбоордун параметрлери:
- Лизинг предметтеринин жалпы баасы: 81 900 000 сом
- Пайыздык үстөк — 20%
- Тармак: курулуш жана инфраструктура
Долбоордун мааниси:
- Кыргызстандагы алдыңкы курулуш компанияларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
- Ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
- Заманбап техника менен камсыздоо аркылуу курулуш иштерин сапаттуу жана өз учурунда бүтүрүү.
- Улуттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошуу.
Бул долбоор Мамлекеттик лизинг компаниясынын бизнеске кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, техникалык паркты жаңыртууга жана экономика тармактарынын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп жатканын айкын көрсөтөт.



