«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК жана ЖЧК «БИ «Автодом Машинери Кей Джи» 2026-жылдын 17-мартында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
Кол коюлган келишимдин алкагында заманбап жол-курулуш жана атайын техникаларды Кыргыз Республикасына жеткирүү жана аларды мамлекеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга лизинг аркылуу берүү каралууда.
ЖЧК «БИ «Автодом Машинери Кей Джи» Кыргыз Республикасынын аймагында британдык JCB брендинин расмий жана авторизацияланган дилери болуп саналат. Компания экскаваторлорду, экскаватор-жүктөгүчтөрдү, жүктөгүчтөрдү жана башка атайын техникаларды жеткирүү менен алектенет.
Мындан тышкары компания техникалык тейлөө жана сервис кызматтарын көрсөтөт. Компаниянын өзүнүн сервис борбору бар жана Кыргызстандын бардык аймактарына көчмө сервис кызматы көрсөтүлөт.
Бул келишим мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин техникалык парктарын жаңылоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн аймактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.



