Кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү

07.07.2026

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө.

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК кайра жаралуучу энергия булактары (КЭБ) жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жабдууларды жеткирүү жана аларды кийин финансылык лизинг аркылуу берүү боюнча «В-Энерджи» ЖЧКсы менен башкы келишим түздү.

Бул келишим Кыргыз Республикасынын ишкерлери менен юридикалык жактарынын заманбап энергетикалык технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

«В-Энерджи» ЖЧКсы күн электр станцияларын долбоорлоо, жабдууларын жеткирүү, орнотуу жана пайдаланууга берүү, энергияны сактоо системаларын киргизүү, энергетикалык объектилерди модернизациялоо жана техникалык тейлөө боюнча адистешкен. Компания жеке турак жайлардан тартып ири өнөр жай объектилерине чейин ар кандай масштабдагы долбоорлорду ишке ашырат. Ошондой эле өнөктөш күн энергетикасы жана энергияны сактоо системалары үчүн жабдууларды чыгарган дүйнөлүк алдыңкы өндүрүүчүлөр — CATL, GoodWe, Sineng Electric жана JA Solar менен кызматташат.

Бул келишимдин түзүлүшү «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКка «жашыл» экономика багытындагы лизингдик продуктулардын түрлөрүн кеңейтүүгө, кайра жаралуучу энергия тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөдө туруктуу энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы