Мамлекеттик лизинг компаниясы региондорду өнүктүрүүнү улантып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын заманбап техника менен камсыздап келет. 2025-жылы «Колдоо» продуктысынын алкагында маанилүү долбоор ишке ашырылды — Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө жалпы баасы 52 509 870 сом болгон 12 бирдик техника берилди.
Лизинг шарттары:
- 11 пайыздык үстөк менен,
- мөөнөтү — 7 жыл.
Долбоордун мааниси
- айыл чарба иштерин жүргүзүүдө,
- аймакты көрктөндүрүү жана тазалоодо,
- калкты коммуналдык кызматтар менен камсыздоодо.
Бул өз кезегинде айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түздү.
Мамлекеттик лизинг компаниясынын салымы
Айылдык аймактарды колдоо — Мамлекеттик лизинг компаниясынын ишмердигинин негизги багыттарынын бири. Бул долбоор компаниянын стратегиялык максатын дагы бир жолу ырастайт — региондорду өнүктүрүүгө көмөктөшүп, заманбап ресурстарга жана техникага жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.



