«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК дүйнөлүк курулуш жана атайын техниканы өндүрүү тармагындагы лидерлердин бири болгон SANY Group компаниясы менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду.
Кытай тараптан өнөктөш катары Sany International Development Limited — SANY тобунун туунду түзүмү чыгып, продукцияны эл аралык рыноктордо илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча глобалдык платформа функциясын аткарат.
SANY — 150дөн ашуун өлкөдө иш алып барган, кирешеси ондогон миллиард долларды түзгөн жана оор машина куруу тармагында стандарттарды калыптандырган компания.
Аталган меморандумга кол коюу «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп саналат жана алдыңкы эл аралык өнөр жай оюнчулары менен өнөктөштүктү түзүү боюнча ырааттуу иштин жыйынтыгын чагылдырат.
Түзүлгөн келишим ГЛК үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн деңгээлин ачат:
— заманбап жана жогорку технологиялык техникага жеткиликтүүлүктү кеңейтүү
— эл аралык өнөктөш менен масштабдуу лизинг программаларын ишке киргизүү
— компаниянын портфелин көбөйтүү жана рыноктук позицияларын бекемдөө
— «техника + каржылоо + сервис» форматындагы комплекстүү чечимдерди түзүү
— локалдаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү үчүн шарттарды түзүү
Меморандумду ишке ашыруу «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКка сунушталган чечимдердин түрлөрүн кеңейтүүгө, лизинг портфелинин көлөмүн көбөйтүүгө жана ишкердик субъектилери үчүн заманбап техниканын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бул келишим инвестициялык долбоорлорду практикалык ишке ашырууга жана эл аралык өнөр жай өнөктөштөр менен кызматташууну бекемдөөгө негиз түзөт. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасы экономикасынын өнүгүшүнө маанилүү салым кошот.



