Таш-Мойнок айыл өкмөтү 2025-жылы алынган техниканын негизинде бүгүнкү күндө бир катар маанилүү иштер өз күчү менен аткарылууда.
Буга чейин инженердик тармактарда жана коммуналдык иштерди жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралып келген. Мисалы, 2,5 км таза суу түтүктөрүн жана арыктарды реконструкциялоо иштерине техникаларды ижарага алышышкан, бул кошумча чыгымдарга алып келген. Мындан тышкары, бул иштер көп убакытты талап кылган.
Ошондой эле, таштанды чыгарууда жана айылдагы мини-футбол аянтчасын тейлөөдө көйгөйлөр болгон. Эски техниканын иштебегендигинен улам кошумча техника чакырууга туура келип, оңдоо иштери 3–4 жумага чейин созулчу.
Бүгүнкү күндө бул маселелер чечилди. Алынган техниканын жардамы менен негизги иштер айыл өкмөтүнүн өз күчү менен ыкчам жана өз убагында аткарылууда. Таштанды чыгаруу жана башка коммуналдык кызматтар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.
Натыйжада 15 000ден ашык калк үчүн коммуналдык кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогорулады.
Мындан тышкары, учурда айыл өкмөтү техниканы ижарага берүү мүмкүнчүлүгүн да карап чыгууда. Бул кошумча киреше алып келип, жергиликтүү бюджетти толуктоого жана инфраструктураны мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт.
📊 Натыйжа:
– чыгымдар азайды
– убакыт үнөмдөлдү
– иштер өз күчү менен аткарылууда
– кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырды



