«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы «Бесконечное небо» ЖЧКсы менен техникаларды лизингге жеткирүү боюнча башкы (алкактык) келишим түздү.
Өнөктөш компания кытай өндүрүшүндөгү курулуш жана атайын техникаларды жеткирүүчү болуп саналат, ошондой эле запастык бөлүктөрдү камсыздап, Кыргыз Республикасынын аймагында сервистик жана техникалык тейлөө кызматтарын көрсөтөт.
Компания LiuGong техникасынын расмий дистрибьютору жана запастык бөлүктөрдүн жеткирүүчүсү, ошондой эле Weichai Holding Group Company Limited компаниясынын ыйгарым укуктуу сервистик борбору болуп эсептелет.
Келишим төмөнкүлөрдү камтыйт:
— заманбап курулуш жана атайын техникаларды жеткирүү
— сервистик жана техникалык коштоо кызматтарын камсыз кылуу
— лизинг алуучулардын сапаттуу жабдууларга жетүүсүн кеңейтүү
Келишимди ишке ашыруу техникалык паркты жаңылоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактарын колдоого багытталган.



