«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКу менен «Кайра жаралуучу энергия булактарынын электр станциялары ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун негизги максаты – кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы долбоорлорду лизинг аркылуу каржылоо механизмдерин өнүктүрүү, ишкерлердин заманбап энергетикалык технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле «жашыл» долбоорлорго инвестицияларды тартуу болуп саналат.
Кызматташуунун алкагында тараптар кайра жаралуучу энергия долбоорлору үчүн атайын лизингдик продуктыларды иштеп чыгуу, эл аралык каржылоону тартуу, пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди жайылтуу боюнча биргелешип иш алып барышат.
Бул меморандумга кол коюу өлкөдө туруктуу энергетиканы өнүктүрүүгө, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана экологиялык жактан таза долбоорлорду колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.



