2025-жылдын 18-мартында финансылык лизинг келишиминин алкагында «Күн-Туу айыл өкмөтү» Мамлекеттик лизинг компаниясынан атайын техникаларды алган.
2026-жылдын 10-апрелинде Мамлекеттик лизинг компаниясынын кызматкерлери айыл өкмөтүнө барып, техниканын колдонулушу жана анын натыйжалары менен жеринде таанышышты.
Буга чейин авариялык жана коммуналдык иштерде сырттан техника издөө 3–5 саатка чейин созулуп, таштанды чыгаруу 1 суткага чейин кечикчү. Жол жана тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн кошумча чыгымдар талап кылынган.
Техника алынгандан кийин иштер кыйла ылдамдады: авариялык маселелерге жооп берүү убактысы 2–3 эсеге кыскарды, таштанды бир нече сааттын ичинде чыгарылууда. Негизги иштер эми айыл өкмөтүнүн өз күчү менен аткарылууда.
📊 Жыйынтык:
* аракет көрүү убактысы 2–3 эсеге кыскарды
* таштанды чыгаруу 1 суткадан бир нече саатка чейин азайды
* иштердин ыкчамдуулугу жогорулады
* кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырды



