Кыргызстандын өнүгүүсүнө багытталган инвестициялардын эки жылы

05.06.2026
2026-жылдын 5-июнунда «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКсы мамлекеттик каттоодон өткөнүнө эки жыл толгонун белгилейт.
Бул мезгил аралыгында Компания Кыргызстандын лизинг рыногундагы маанилүү катышуучулардын бири болуп калыптанып, мамлекеттик жана муниципалдык секторду колдоонун натыйжалуу инструментине айланды.
✅ Эки жыл ичинде Компания:
🔹 415тен ашык финансылык лизинг келишимин түздү;
🔹 1,7 млрд сомдон ашык суммадагы долбоорлорду каржылады;
🔹 мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 852ден ашык техника, жабдуу жана автотранспорт өткөрүп берди;
🔹 Кыргыз Республикасынын адистештирилген лизинг рыногунун болжол менен 22 пайызын камсыз кылды.
Бүгүнкү күндө лизинг аркылуу алынган техникалар жолдорду оңдоодо, калктуу конуштарды көрктөндүрүүдө, коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүдө, айыл чарбасын колдоодо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууда колдонулуп жатат.
Эки жыл ичинде Мамлекеттик лизинг компаниясы жөн гана лизингдик компания эмес, аймактарды жана мамлекеттик секторду модернизациялоого көмөктөшкөн өнүгүү институтуна айланды.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалары акционерлер тарабынан бекитилип, уставдык капиталды көбөйтүү жана дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы