Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

07.07.2026

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК менен Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК жана Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору  ишкердикти өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнес үчүн лизингдик каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле кыргыз-япон өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Кызматташуунун алкагында тараптар билим берүү, маалыматтык жана консультациялык иш-чараларды өткөрүүнү, финансылык жана ишкердик сабаттуулукту жогорулатууну, адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүнү жана лизингди бизнести жаңылоонун натыйжалуу инструменти катары жайылтууну пландаштырууда.

Ошондой эле тараптар жапон өндүрүүчүлөрдү, финансылык институттар жана тармактык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүгө, эл аралык тажрыйба жана алдыңкы практикалар менен алмашууга өзгөчө көнүл бурушат.

Жайгашкан жери
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/fookg-1-e1759832689211.png
Биз менен бирге бол!
Биздин соц.тармак
Байланыш
Биздин байланыштар
Местоположение
Бизди кантип тапса болот?
https://slc.kg/wp-content/uploads/2025/10/-ogos-06-e1759494015529.png
Бизди ээрчи!
Биздин соц. тармак

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы

Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому 2024-жылдын 16-декабрындагы № 3-лицензиясы