«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК менен «Кронос Эксперт» ЖЧКнын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлушу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, заманбап технологияларды тартууга жана эл аралык каржылык инструменттерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоого жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоону көздөйт.
Документ тараптардын заманбап техника жана жабдууларды жеткирүү, лизингдик жана экспорттук каржылоо механизмдерин өнүктүрүү, чет өлкөлүк каржылык ресурстарды тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү багыттарындагы кызматташтыгынын негизги багыттарын аныктайт.
Кызматташтыктын алкагында тараптар чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр, экспорттук-кредиттик агенттиктер, каржы институттары жана инвесторлор менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууну көздөшөт. Ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартуу менен комплекстүү каржылык чечимдерди иштеп чыгуу капиталды көп талап кылган долбоорлорду ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Өзгөчө көңүл төмөнкү багыттарга бурулат:
- заманбап атайын, курулуш, айыл чарба, транспорттук жана энергетикалык техникаларды жеткирүү;
- экспорттук жана лизингдик каржылоону өнүктүрүү;
- чет өлкөлүк инвестицияларды жана жеңилдетилген каржылык ресурстарды тартуу;
- инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, логистика жана энергетика тармактарындагы, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары (КЖЭБ) боюнча долбоорлорду ишке ашыруу.
Меморандумга кол коюу «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнын эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы каржылоо булактарын издөө боюнча умтулуусун дагы бир жолу тастыктайт. Мындай өнөктөштүктү өнүктүрүү заманбап каржылык чечимдерди киргизүүгө, инвестицияларды тартууга жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.



