2026-жылдын 2-февраль айында Кожомкул айыл өкмөтүнө калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жана инфраструктуралык иштерди натыйжалуу жүргүзүү максатында атайын техника расмий түрдө өткөрүлүп берилди. Бул техника жолдорду оңдоо, коммуналдык кызматтарды күчөтүү, тазалык жана көрктөндүрүү иштерин өз убагында аткарууга жардам берет. Жаңы техника айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга жана жергиликтүү бийликтин ишин дагы да натыйжалуу кылууга багытталган....













