Мамлекеттик лизинг компаниясы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин муктаждыктары үчүн автоунааларды лизингге берүү боюнча маанилүү долбоорду ишке ашырды. Долбоордун негизги максаты — министрликтин аймактык башкармаларын жана карамагындагы түзүмдөрдү материалдык-техникалык жактан чыңдоо, ошондой эле социалдык кызматтардын жер-жерлерде натыйжалуу иштөөсүнө шарт түзүү.
Биздин салымыбыз
- Лизинг аркылуу 77 даана Chevrolet Tracker автоунаасы берилди, алар өлкөнүн ар кандай климаттык жана жол шарттарына ылайыкташтырылган.
- Жалпы каржылоонун көлөмү 102 млн сомдон ашты.
- Автоунаалар Кыргызстандын бардык аймактарына бөлүштүрүлүп, калк менен түз иштеген социалдык тармактын адистери транспорт менен камсыз болду.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн жыйынтыктар
- жарандардын кайрылууларын өз убагында кароо;
- аз камсыз болгон жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүү;
- алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарга чыгуу;
- социалдык кызматтардын ыкчамдыгын жана сапатын жогорулатуу.
Көзөмөл жана координация
Долбоордун ишке ашырылышы төмөнкү органдардын көзөмөлүндө болду:
- Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети;
- Мамлекеттик лизинг компаниясы.
Долбоордун мааниси
Комплексдүү ыкма долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашырууга жана өлкөнүн бардык аймактарын камтууга мүмкүндүк берди. Биздин колдообуздун аркасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги заманбап автоунааларды алды жана бул социалдык коргоо системасынын кадрдык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн чыңдап, калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.







