«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК өнүгүү жана капиталдаштыруу боюнча негизги чечимдерди кабыл алды 2026-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйындын жыйынтыгы боюнча Компаниянын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, анын ичинде тышкы аудитор тарабынан тастыкталган финансылык отчеттуулук жана ички аудиттин корутундусу бекитилди. Ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн көрсөткүчтөрү каралды....













